Бугу 03, 2024
Убакыт: 04:03
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Акылбек Жапаров ЕИБдин башкаруучу директорунун милдетин аткаруучу Маркус Берндт менен жолукту

19.04.2024 13:44
165
Акылбек Жапаров ЕИБдин башкаруучу директорунун милдетин аткаруучу Маркус Берндт менен жолукту


Вашингтон шаарында (АКШ) өткөрүлгөн Дүйнөлүк банк менен Эл аралык валюта фондунун Жазгы жолугушууларынын алкагында министрлер кбинетинин төрагасы – президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров Европа инвестициялык банкынын (ЕИБ) башкаруучу директорунун милдетин аткаруучу Маркус Берндт менен жолукту. 

Жолугушуунун жүрүшүндө Акылбек Жапаров Европа инвестициялык банкы Кыргызстандын алдыңкы эл аралык каржы өнөктөштөрүнүн бири экенин белгиледи.

Өз кезегинде Маркус Берндт Дүйнөлүк банкы, Азия өнүктүрүү банкы жана Азия инфраструктуралык инвестиция банкы сыяктуу абройлуу каржы институттары Камбар-Ата-1 ГЭСинин куруу долбоорун каржылоого даяр экендиктерин жогору баалаарын белгиледи.

Ал кошумчалагандай, алардын мындай кадамдары "бул долбоор бүгүнкү күндө абдан келечектүү жана актуалдуу экенин көрсөтүп турат". 

Буга байланыштуу банктын жашыл энергетиканы ар тараптуу өнүктүрүүгө багытталган саясатын эске алуу менен Маркус Берндт бул долбоорду каржылоого жогорку кызыгуусун билдирди.

Мындан тышкары, бул долбоорду иштеп чыгууну тездетүү максатында, Маркус Берндт долбоорду жана аны каржылоо маселелерин изилдөөгө кирише турган банктын негизги өкүлдөрүн аныктады.

Акылбек Жапаров Европа инвестициялык банкынын өкүлдөрүнө бул масштабдуу долбоорду ишке ашырууга жогорку кызыгуусуна жана кызматташууга даярдыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн