Бугу 17, 2024
Убакыт: 21:58
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Бишкекте 50 миң адамды чогултуп манас айттыруу пландалууда

30.04.2024 09:32
657
Бишкекте 50 миң адамды чогултуп манас айттыруу пландалууда


Бишкекте 50 миң адамды чогултуп манас айттыруу пландалууда. Бул тууралуу Кыргыз улуттук "Манас" театрынын директорунун орун басары Нурбек Талантбеков билдирди.


Анын айтымында, 20-апрелден баштап республика боюнча "Урааным — Манас" долбоору өтүп жатат. Иш-чарага билим берүү мекемелеринин окуучулары жана мугалимдери катышууда.


Аталган сынак быйыл экинчи жолу өтүп, манасчылар: Саякбай Каралаевдин — 130, Уркаш Мамбеталиевдин — 90, Сапарбек Касмамбетовдун 90 жылдыгына арналганы белгиленди.


"Долбоор өлкөнүн 44 району жана 32 шаарында уюштурулуп, 11-майда борбор калаада жыйынтыкталат. Ага Бишкектин төрт районунан 50 миң адамды чогултуу пландалууда. Ал эми республика боюнча быйыл 500 миң окуучу манас жаттап, айтышууда", — деди Талантбеков.


Ошондой эле ал сынактын байге фонду үч миллион сомду түзөрүн айтып, сыйлыкты тапшыруу аземи июнга мерчемделгенин кошумчалады.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн