Бугу 17, 2024
Убакыт: 15:16
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Бишкекте айрым мектептер алдыдагы майрамдарда 3 күн гана эс алат

01.05.2024 19:02
243
Бишкекте айрым мектептер алдыдагы майрамдарда 3 күн гана эс алат


Бишкектеги бардык мектептер 1-майдан 5-майга чейин эс албайт. Бул тууралуу бизге калаа мэриясынын Билим берүү департаментинен билдиришти.


Ага ылайык, алдыдагы бир жарым жумага карата түзүлгөн график Билим берүү министрлигинин буйругу менен бекитилди.


“Жумасына беш күн иштеген мектептерде 1-5-майга окуу болбойт. Ал эми жумасына алты күн окуган мектептер 1, 6 жана 9-май күндөрү гана эс алат. Шаарда мындай 20 чакты мектеп бар”, — деп айтылат маалыматта.


Эске салсак, кыргызстандыктар бул аптада катары менен 5 күн эс алат. Бирок кийин башка күндөрү иштешет. 2-майдын ордуна 6-майда (5-май — Конституция күнү жекшембиге туура келгендиктен, 6-май да эс алуу болмок), 3-майдын ордуна 11инде жумушка чыгышат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн