Бугу 17, 2024
Убакыт: 15:36
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Быйыл Кыргызстанда "Өлбөс полк" жүрүшү өтпөйт

01.05.2024 16:27
363
Быйыл Кыргызстанда "Өлбөс полк" жүрүшү өтпөйт


Быйыл Кыргызстанда "Өлбөс полк" жүрүшү өткөрүлбөйт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Ведомствонун маалыматына ылайык, коомдук коопсуздукка болгон коркунучтарды эске алуу "Өлбөс полк" жүрүшүн өткөрбөө чечими кабыл алынды.

"ИИМ Коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу максатында адамдар көп топтолгон жерлерде укук тартибин бузуу жана кылмыш жасоо тобокелдиктерин алдын алууга жана болтурбоого багытталган чаралардын комплексин көрүп жатат", - деп айтылат маалыматта.

Ички иштер министрлиги жарандарды коопсуздук чараларына түшүнүү менен мамиле кылууга чакырат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн