Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 01:07
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Боронов “Манас” аэропортунун ички каттамга даярдыгы менен таанышты

06.06.2020 12:14
1072
Боронов “Манас” аэропортунун ички каттамга даярдыгы менен таанышты


Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов “Манас” аэропортунун ички аба каттамдарын жандандырууга даярдыгы менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.


Маалыматка ылайык, Кубатбек Бороновго коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу боюнча аракеттердин алгоритми, аэропорттун өткөрмө пункту аркылуу өткөн жүргүнчүлөрдү текшерүү тартиби тууралуу айтып беришкен


Алсак, МанасОш жана Ысык-Көл аэропортторунун аэробекеттер комплексинин имаратына көрсөтүлгөн күнгө билети бар жүргүнчүлөр, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү адамдарды коштогон жактар гана киргизилет. Узатуучу жана тосуп алган жарандар үчүн аэробекетке кирүү убактылуу чектелген, алар үчүн күтүүгө өзүнчө орун даярдалган.


Аэробекеттер имаратынын кире беришинде бардык жүргүнчүлөр жана жүк милдеттүү түрдө дезинфекциялоочу туннелден, термометрдик көзөмөлдөн жана дене табын тепловизордук камералар менен ченөөдөн өткөрүлөт.


Сөзсүз түрдө беткап тагынып, аралыкты сактоо зарыл, деп эскертет өкмөт. 


Клиникалык белгилер аныкталган шартта (жогорку дене табы, жөтөл, дем жетпөө, дем кысылуу, чыйрыгуу жана башка) ооруканага жаткырылат. Клиникалык белгилери жок жүргүнчүлөр анкеталык маалыматтарды толтурушат.


Учуп келери менен жүргүнчүлөр термометрдик көзөмөлдөн өтүп, дене табы өлчөнөт.


Ички аба каттамдарын жандандыруу инфекциянын жайылышы боюнча белгилүү бир тобокелдиктерди алып келет. Ошондуктан бардык көзөмөлдөөчү органдар текшерүү алгоритмдерин так аткарып, зарыл шартта ыкчам чара көрүүгө тийиш. Келген жүргүнчүлөргө көзөмөл катуу болушу шарт. Мындан тышкары билет баасынын жогору экендиги тууралуу жарандардын кайрылуулары түшүүдө. Тармактык органдар бул маселени иштеп чыгып, жөнгө салышы керек, - деди биринчи вице-премьер-министр.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн