Бугу 19, 2024
Убакыт: 10:38
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Кыргызстан менен Италиянын ортосунда жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштуруу маселеси талкууланды

06.05.2024 18:14
295
Кыргызстан менен Италиянын ортосунда жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштуруу маселеси талкууланды


Кыргызстандын элчиси Таалай Базарбаев Киджи сарайында Италиянын премьер-министринин дипломатиялык кеңешчиси Фабрицио Саджо менен жолугушту.

КР тышкы саясий ведомствосунан билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Италиянын ортосундагы кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, анын ичинде, жогорку жана бийик деңгээлде эки тараптуу иш сапарларды уюштуруу маселесин талкуулашты.

Ошентип, тараптар сапарларга даярдык көрүүнүн алкагында учурда каралып жаткан эки тараптуу документтердин долбоорлору жөнүндө ишти активдештирүү боюнча макулдашты.

Ошондой эле элчи Базарбаев маектешине Кыргызстандын тышкы саясий артыкчылыктары, өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформалар жана акыркы жылдардагы өлкөнүн экономикалык өнүгүүсү тууралуу маалымдаган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн