Бугу 19, 2024
Убакыт: 12:44
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Ош шаарында 300 орундуу көп тармактуу оорукананын курулушу башталды

06.05.2024 18:33
485
Ош шаарында 300 орундуу көп тармактуу оорукананын курулушу башталды


Бүгүн Ош шаардык клиникалык ооруканасынын аймагында 300 орундуу көп функционалдуу медициналык мекеменин курулушу башталды.

Капсула салуу иш-чарасына саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жана Жогорку Кеңештин депуты Айбек Маткеримов катышты.

Министр өз сөзүндө мамлекет жарандардын ден соолугун сактоо жана чыңдоо үчүн бардык шарттарды түзүүгө умтулуп жатканын жана калктын саламаттыгын сактоо – 2026-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү программасынын маанилүү артыкчылыктарынын бири экенин белгиледи.

Ошондой эле министр саламаттык сактоо тармагына, тактап айтканда, Ош шаарындагы жаңы аймактык оорукананын курулушуна ар тараптуу колдоо көрсөткөндүгү үчүн президент Садыр Жапаровго ыраазычылык билдирип, бул максатка 595 млн сом бөлүнгөнүн белгиледи.

Анын айтымында, бул оорукананын курулушу Ош шаарынын жана Ош облусунун тургундарына медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын бир топ жакшыртат.

Белгиленгендей, жалпы аянты 6633,5 м2 болгон 300 орундуу оорукана 3 блоктон туруп, анда кардиология, ортопедия, ЛОР, офтальмология, урология, эндокринология жана терапия бөлүмдөрү каралган. Ошондой эле операциялык жана реанимация бөлүмдөр, ашкана, кир жуучу жай, кампа жай жана башкалар уюштурулат. Оорукананын курулушун 2025-жылы аяктоо пландалууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн