Бугу 21, 2024
Убакыт: 10:47
USD
88.20
89.10
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Ош шаарында төрөт учурунда жаш келин каза болду

Ош шаарында төрөт учурунда жаш келин каза болду


Ош шаарынын шаардык перинаталдык борборунда 3-апрелде төрөт учурунда жаш келин каза болуп калды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин башкы адиси Раиса Асылбашева билдирди.

Анын айтымында, 30 жаштагы келин 25-мартта кош бойлуулуктун 33 жумалыгында оор абалда төрөт үйүнө түшкөн. Анын жүрөгүндө кемтик бар болуп, шашылыш түрдө кесарево жасоо чечими кабыл алынат. Салмагы 2 кг 350 гр болгон кыз жарык дүйнөгө келди.

"Келин реанимация бөлүмүндө эс-учун билбей жаткан. Дарыгерлер бир нече ирет консилиум өткөрүп, көрүлгөн чараларга карабастан 3-апрелде каза болду. Ымыркай 6-апрелде патология бөлүмүнө которулган. Ал айына жетпей төрөлдү", - деди ал.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн