Бугу 18, 2024
Убакыт: 01:11
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Россиянын президенти Владимир Путиндин инаугурациясы 7-майда болору белгилүү болду

23.04.2024 17:13
850
Россиянын президенти Владимир Путиндин инаугурациясы 7-майда болору белгилүү болду


Россиянын президенти Владимир Путиндин инаугурациясы 7-майда болорун Федерация Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик курулуш боюнча комитетинин башчысы Андрей Клишас комитет жыйынында билдирди. Бул тууралуу ТАСС жазып чыкты.


Маалыматка ылайык, салтанатка чейин, 6-майда сенаторлор COVID-19 үчүн ПЦР тестинен өтүшөт.


Бул инаугурация Путиндин президент катары бешинчи инаугурациясы болмокчу.


Март айында өткөн шайлоодо Орусиянын президенти Владимир Путинди шайлоочулардын 87,28% колдогон. Шайлоонун акыркы көрсөткүчү 77,49% болуп, 87,5 миллиондон ашуун шайлоочу добуш берген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн