Бугу 17, 2024
Убакыт: 14:36
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Таалайбек Масабиров, ЖК депутаты: “Парижде биздин желегибиз желбирешине чоң үмүт бар”

01.05.2024 19:04
560
Таалайбек Масабиров, ЖК депутаты: “Парижде биздин желегибиз желбирешине чоң үмүт бар”


- Таалайбек Айтмаматович, дагы бир топ спортчуларыбыз Париждеги олимпиадага жолдомо алышкан турбайбы?


- Парижде өтө турган олимпиадага карата Бишкекте эркин күрөш, грек-рим күрөшү боюнча лицензиялык мелдеш болуп, Кытай, Япония, Иран сыяктуу спорт аябай өнүккөн өлкөлөрдөн өкүлдөр келишти. Ага биздин спортчулар да катышып, төрт балбаныбыз: Эрназар Акматалиев, Амантур Исмаилов, Бекзат Алмаз уулу, Мээрим Жуманазарова олимпиадага катышууга жолдомо алышты. Муну чоң жетишкендик катары айтсак болот. Мен аларга албан ийгиликтерди каалайм. Азыр бардыгы тогуз лицензия болуптур. Жоломан, Акжол, Айпери, Айсулуулар буга чейин алгандар. Андыктан, Парижде биздин желегибиз желбиреп, спортчуларыбыз чемпион болушуна чоң үмүт бар.


- Акыркы жылдары биздин спортто, анын ичинде күрөш өнөрүндө чоң секирик жасалууда. Мунун себеби эмнеден деп ойлойсуз? Мыкты машыктыруучулар пайда болдубу, же спортко өзгөчө көңүл бурула баштадыбы?


- Менин жеке көз карашымда, биздин кыргыздар өзү табиятынан балбан, күрөшкө шыктуу келишет. Айталы, бразилиялыктар футболго, канадалыктар хоккейге ыңгайлашкан болушса, биздикилер күрөшкө, көк-бөрүгө шыктуу. Жаштар арасында спорттун бул түрлөрүнө кызыгуу күч. Акжол, Жоломан күрөшүп атканда, аларды көрүп, “мен да ушулардай болсом” деп умтулгандар көбөйүүдө.


Анан эң башкысы, Садыр Нургожоевич, Камчыбек Кыдыршаевичтер спортту өнүктүрүүгө эбегейсиз шарттарды түзүп берип жатышат. Спорт залдары, стадиондор курулууда. Мисалы, Кегетиде чоң спорт комплекси курулуп жатат. Биз союз учурунда Кавказда машыкчу элек. Негизи, спортчуларга шарт түзүлсө, ошого жараша натыйжа болот да. Анан спортчуларга, машыктыруучуларга чоң сыйлыктар, белектер берилгени да биздин жаштар үчүн жакшы стимул. 


Булак:  "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн