Бугу 17, 2024
Убакыт: 19:24
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Теги кыргызстандык космонавт Сергей Корсаков Ысык-Көлгө барып, окуучулар менен жолукту

21.04.2024 18:32
613
Теги кыргызстандык космонавт Сергей Корсаков Ысык-Көлгө барып, окуучулар менен жолукту


Теги кыргызстандык космонавт Сергей Корсаков Ысык-Көл облусуна барды.


Россиянын баатыры "Билим Ордо" мектеп-комплексинин Алыкул Осмонов атындагы гимназиясында болду. Жолугушууга Чолпон-Ата шаарынын мэри Азамат Турдубеков жана мектеп директору Гүлнара Абдыкадырова да катышты.


"Өзү чоңоюп-өскөн жерин, тамырын унутпаган, балдарга татыктуу үлгү көрсөтө алган мекендешибиздин келгенине кубанычтабыз", — деген Турдубеков.


Корсаков жолугушууда окуучулардын суроолоруна жооп берди. Мектептин жамааты космонавтка Ысык-Көл жээгинен алынган кум менен колдо жасалган саатты белек кылса, мэрия эстеликке статуэтка берди.


Корсаков Кыргызстанга Юрий Гагариндин 90 жылдыгына карата өткөрүлгөн илимий-агартуучулук эл аралык фестивалдын алкагында келген. Иш-чараны Роскосмос, "Уникалдуу дүйнө" атомдук коммерциялык эмес уюму жана башка бир катар өнөктөштөрү уюштурууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн