Бугу 19, 2024
Убакыт: 00:17
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

УКМК: "Беш-Сары" соода борборунун директору кармалды

30.04.2024 14:44
404
УКМК: "Беш-Сары" соода борборунун директору кармалды


"Беш-Сары" соода борборунун директору кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМК "Беш-Сары" ЖЧКсынын жетекчилиги тарабынан жеке менчикти ыйгарып алуу жана үчүнчү жактарга өткөрүп берүү боюнча алдамчылык фактысын аныктоо боюнча көрүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, өзгөчө ири өлчөмдө салык төлөөдөн качуу фактысын да аныктады.

Белгилүү болгондой, "Беш-Сары" ЖЧКсынын директору Ж.Н.К. 2023-жылдын ноябрь айында компетенттүү органдар тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин, аталган соода-базар комплексинде соода иши менен алектенген ишкерлердин ижара акысы 30% га төмөндөтүлгөнүн, аталган ЖЧКнын жетекчилиги санариптик экономикага акырындык менен өтүү боюнча бийликтин саясатын колдоо зарылдыгы жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттарында билдирген.

Деген менен, аталган уюмдун жетекчилиги 2024-жылдын май айынан тарта ижара акысы үчүн мурдагы бааларды кайтаруу жана жогорулатууну көздөгөн. Мындай кадам "Беш-Сары" соода түйүнүндө жеке ишкерлик менен алектенген ишкерлердин нааразылыгынын өсүүсүнө түрткү болгон.

2024-жылдын 29-апрелинде КР Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты, "Беш-Сары" ЖЧКсынын директору Ж.Н.К кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

УКМК буга чейин КР министрлер кабинетинин салык реформасын ишке ашырууга көмөк көрсөтүү максатында соода жана оюн-зоок комплекстеринин ээлери менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында соода орундары үчүн ижара акысынын наркын төмөндөтүү, ошондой эле жеке ишкерлерге жана ижарачыларга жагымдуу шарттарды түзүү боюнча макулдашуу болгонун эскертет.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн