Бугу 19, 2024
Убакыт: 12:44
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

“Жер казынасы” жана “Биосфералык аймактар" жөнүндө мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилди

06.05.2024 18:30
334
“Жер казынасы” жана “Биосфералык аймактар" жөнүндө мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилди


Президент Садыр “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Жер казынасы жөнүндө”, “Биосфералык аймактар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” КР мыйзамына кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2024-жылдын 17-апрелинде кабыл алынган.

Кабыл алынган Мыйзамга ылайык “Жер казынасы жөнүндө” жана “Биосфералык аймактар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган:

– аукциондун жеңүүчүсү болуп жер казынасын пайдалануу укугун алуу үчүн эң жогорку бааны сунуштаган талапкер эсептелет. Ири жана орто алтын, күмүш кендерин иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна аукциондун жеңүүчүсү болуп жер казынасын пайдалануу укугун алуу үчүн эң жогорку бааны жана мамлекетке үлүштү сунуштаган талапкер эсептелет. Өткөрүп берилүүчү үлүштүн өлчөмүн аныктоонун тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет;

– биосфералык аймактарда геологиялык издөө иштери, геологиялык чалгындоо иштери, пайдалуу кендерди иштетүү жана жер казынасын геологиялык изилдөө боюнча иштер Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча жүзөгө ашырылышы мүмкүн.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн