Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 13:30
USD
88.80
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.940
0.965

Өлкөдө жүндү кайра иштетүү колго алынары айтылды

17.04.2024 08:47
460
Өлкөдө жүндү кайра иштетүү колго алынары айтылды


Мындан кийин айылдарда жүн таштандыга ыргытылбай баалуу продукцияга айланат. Бул тууралуу атайын көргөзмө-семинарда айтылганын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.


Маалыматка ылайык, аталган семинарда жүндү кайра иштетип, жууркан тиккен цех көрсөтүлгөн. Жабдуусунун орточо баасы 5 455 долларга барабар экени айтылды.


"Бул баа айылда фермерлерге ыңгайлуу, кирешелүү чакан өндүрүш болуп эсептелет. Бүгүнкү күндө ак жүндүн килограммы 60-100 сом, кара жүн 10-15 сомго бааланууда. Иштетилген жүндөн улуттук кийим-кече, жууркан-төшөк, кийизден жасалган түрдүү буюм-тайымдар чыгарылат", — деп айтылган маалыматта.


Көргөзмөдө жүндү кайра иштетүү аркылуу айыл жергесинде ыргытылып жаткан жүндүн баалуулугун арттырууга өзгөчө маани берилери кошумчаланды.


Аталган иш-чараны Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Кайра иштетүү өнөр жайы жана органикалык айыл чарба департаменти уюштуруп, ага 7 облустун жана 40 райондун жетекчилери, өнүктүрүү фонддорунун өкүлдөрү жана дыйкан-фермерлер катышкан.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн