Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 07:55
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

"Ош" эл аралык аэропортунда оңдоп-түзөө иштери башталды

17.04.2024 09:02
440
"Ош" эл аралык аэропортунда оңдоп-түзөө иштери башталды


"Ош" эл аралык аэропортунда оңдоп-түзөө иштери башталды.

“Манас” эл аралык аэропорту” ААКсынан маалымдашкандай, Оштогу аба майдандагы бул иштер жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү текшерүүгө ыңгайлуу шарттарды түзүп берүүгө багытталган.

Аэробекеттин имаратында реконструкциялоо иштери 2 айга созулат. Учурда жумуш ыргагы кызуу жүрүүдө.

Оңдоп-түзөө иштеринин 1-этабында автоматташтырылган каттоо эсептегичтери жана жүктү жөндөөчү техникалар жаңыртылмакчы.

Мындай иш-чараларга байланыштуу "Манас" эл аралык аэропорту" ААК "Ош" аэробекетинин жүргүнчүлөрүнөн учурдагы каттоо пункттарын жана жүктү кол менен убактылуу жөндөөнүнү, ошондой эле учуп кетүү жана учуп келүү учурунда ыңгайсыздыктарды түшүнүү менен кабыл алууну өтүнөт.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн