Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 15:40
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

№-1 “БИРИМДИК” үчүн добуш бергиле! Биринчи менен болгула!

02.10.2020 21:00
693
№-1 “БИРИМДИК” үчүн добуш бергиле! Биринчи менен болгула!


Бүгүн, угүт кампаниябызды аяктап жатып, бизди колдогонуңуздар үчүн, бизге болгон ишенимиңиздер үчүн ыраазычылык билдиребиз! Азыр, бүткүл өлкөнүн тагдыры чечиле турган күн алдында, сиздерди туура чечим кабыл алат деп ишенебиз!


Бизге үн кошуп, ийгилик каалагандарга рахмат айтабыз. Эл менен баарлашуу, пикир алмашуу биздин туура жолдо экенибизди көрсөттү. Биздин жол - чындык, тилектештик жана тарыхый тагдырдын биримдиги. Биз жолубуздан тайбайбыз!


Сиздердин сын-пикирлер жана курч суроолоруңуздар үчүн да рахмат айткыбыз келет. Жетишпеген жактарыбызды көрсөтүү менен – Сиздер бизди жакшы болууга жардам бересиздер. Үгүт ѳнѳктүгүнүн жүрүшүндө көптөгөн негизсиз айыптоолор, жалган жалаа, кай бирде жарыштан четтетүү аракеттери да болду - бул үчүн биз атаандаштарыбызга дагы ыраазычылыгыбызды билдиребиз, анткени мындай кысымга туруштук берип, ошол эле учурда ар-намысыбызды да сактап, биримдигибизди бекемдеп, күчүбүздү да чыңдап алдык. 


“БИРИМДИК” №1 – уникалдуу  команда топтоду. Биздин катарда тажрыйбалуу мамлекеттик ишмерлер, жалындуу, демилгелүү жаштар,   ишкерлер, мугалимдер, дарыгерлер, дыйкандар, өлкөбүздүн бардык аймактарынан чыгармачыл адамдар бар! Биздин команда биздин чоң артыкчылыгыбыз, сыймыгыбыз.


“БИРИМДИК” партиясына мыктылардын мыктысы, ѳз кесибинин чыгаандары, билимдүү адистер кирди. Санариптештирүү жаатындагы адис Акылбек Жамангулов – биздин  тизмебиздин сап башында турат.  Улукбек Кочкоров – ал, экономиканы кайрадан жандантып, бардык кыргызстандыктардын кирешесин көтөрүүгө мүмкүнчүлүк түзгөн схеманы иштеп чыккан. Күчтүү саясатчы Төрөбай Зулпукаров, партиянын лидери, шаар көйгөйлөрүн жана башка кѳптѳгѳн маселелерди чече билген – Марат  Аманкулов.


Биз берген убадаларыбызды аткарабыз деген ишенимде сиздерге өзүбүздүн сыймыктуу атыбызды тапшырып отурабыз жана ушул жекшембиде бизди колдоп берүүнүздөрдү өтүнөбүз! Биз сиздер менен биргеликте программабыздын ар бир пунктун ишке ашырабыз деп убада беребиз. 


Эгерде балдарыңыздын келечегине кайдыгер карабасаңыздар, тынч жана корголгон Кыргызстанда жашоону кааласаңыздар, эгерде элдердин достугу сиздерге жакын болсо, бирок дагы деле күмөн санап жаткан болсоңуз, анда добуш берүү мүмкүнчүлүгү үчүн, эркиндик үчүн, мамлекетибизди сактап калуу үчүн канчалаган адамдар ѳмүрүн бергенин эстеңиз.


Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланыңыз. Жекшемби күнү, 4-октябрда саат 08:00дөн 20:00гө чейин шайлоо участкаларына келиңиз. Биринчилерди колдоңуздар! 


Эсиңиздерде болсун - тандоо дайыма сиздердин эркиңиздерде!

 

***«Биримдик» (Единство) Демократиялык партиясы» саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн