Кыргызстан боюнча эртең, 1-апрелде өлкөнүн көпчүлүк аймагында жаан жашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолордо кар жаашы ыктымал. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын болбойт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +14…+19;
Талас облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +12…+17;
Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +7…+12, күндүз +15…+20;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +9…+14;
Нарын облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз +9…+14;
Бишкекте күн ачык болот. Абанын температурасы +16…+18 градус болот.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн