Башкы прокурор К.Зулушев Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза, Кылмыш-жаза процессуалдык, Укук бузуулар жөнүндө кодекстерин иштеп чыккан эксперттик жумушчу топтун курамын, илимий чөйрөнүн өкүлдөрүн, укук коргоо органдарынын кызматкерлерин кабыл алды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө, 1-декабрдан тарта күчүнө кирген кодекстердин иш жүзүндө колдонулуп жаткандыгы талкууга алынды. Жумушчу топтун мүчөлөрү кодексттерди иштеп чыгуудагы урунттуу учурларга токтолушуп, жасалган эмгектин жыйынтыгына канааттангандыктарын билдиришти.
К.Зулушев эксперттик жумушчу топтун мүчөлөрүнө жасаган зор эмгектери үчүн ыраазычылык билдирип, жаңы басылып чыккан кодекстерди белек катары тартуулады.
Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары К.Токтакунов тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жетекчилигине Кылмыш-Жаза, Кылмыш-жаза процессуалдык, Укук бузуулар жөнүндө кодекстеринин 400 нускасы белек катары тапшырылды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн