Бүгүн, 25-декабрда Президент Садыр Жапаров Министрлер кабинетинин мүчөлөрүнө электрондук документке өтүү тапшырмасын койду.
"Мен кечээ биринчи жолу электрондук документке кол койдум. Сиздерден буга өтүүнү талап кылам. 15 күн убак берем. Алдыда эс алуу турат. IT кызматкерлерди үйүңүздөргө чакырып болсо да электрондук документке өтүүнү өздөштүрүңүздөр.
1-июлга чейин электрондук да кагаз түрүндө да документти талап кылам. Андан кийин жалаң электрондук документке өтөбүз. 6 айдан кийин кагаз жүзүндөгү документтерди кабыл албайм",- деди президент.
Пикирлер (1)