Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 17:05
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

1 млн сом пара талап кылуу фактысы менен "Ошэлектронун" мурдагы башчысы кармалды

21.01.2021 13:28
652
1 млн сом пара талап кылуу фактысы менен "Ошэлектронун" мурдагы башчысы кармалды


1 миллион сом өлчөмүндө пара талап кылганга шектелип "Ошэлектронун" мурдагы башчысы Даминов Д.И. кармалды. Бул тууралуу Финполдун басма сөз кызматы билдирди.


"Б" Жабык Акционердик Коомунун өкүлдөрү утуп алган тендерде буга чейин аткарган иштери үчүн 6 миллион сомго жакын сумманы төлөп берүү талабы менен "Ошэлектро" ААКга кайрылган. Мындан улам, "Ошэлектро" ААКнын мурдагы директору Даминов Д.И пара иретинде жеке банктык эсебине 1 миллион сом которуу талабын койгон.


Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестерине 326-берененин негизинде катталып, шектүү Бишкек ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн