Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 08:56
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

1-ноябрда тажик чек арачылары тарабынан кармалган кыргыз жараны мекенине кайтарылды

11.01.2022 14:58
1247
1-ноябрда тажик чек арачылары тарабынан кармалган кыргыз жараны мекенине кайтарылды
Тажикстанда кармалган кыргыз жараны мекенине кайтарылды. Бул тууралуу 24.kg агенттиги  Улуттук коопсуздук  мамлекеттик комитеттин Чек ара кызматына таянып билдирди.

Белгилүү болгондой, 2021-жылдын 1-ноябрында Лейлек районунун Арка-Бөрбордук жол тилкесинде Тажикстандын УКМК кызматкерлери тарабынан  кыргызстандык 29 жаштагы Р.И.  кармалган.

«КР УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын чек ара өкүлдөрүнүн аппараты тарабынан көрүлгөн чаралардын натыйжасында Кыргыз Республикасынын жараны 10-январда Лейлек районунун аймагында жайгашкан «Кулунду-автодорожный» көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу мекенине кайтарылды», — деп айтылат маалыматта. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн