Бугу 19, 2024
Убакыт: 06:38
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

1-октябрдан ИИМдин кызматкерлеринин айлыгы 40 пайызга көтөрүлөт

24.08.2021 13:14
575
1-октябрдан ИИМдин кызматкерлеринин айлыгы 40 пайызга көтөрүлөт

1-октябрдан ИИМдин кызматкерлеринин айлыгы 40 пайызга көтөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 24-августта Садыр Жапаров Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин 80 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышуу учурунда билдирди.


Президент белгилегендей, министрлер кабинетинин “Кыргыз Республикасынын айрым категориядагы аскер кызматчыларына акчалай көмөк көрсөтүү жөнүндө” токтомунун долбоору даярдалган. Ага ылайык, 2021-жылдын 1-октябрынан тарта Ички иштер министрлигинин Ички аскерлер кызматынын аскер кызматчыларынын эмгек акыларын 40 пайызга көтөрүү пландаштырылып каралган.


Ошондой эле Ички иштер министрлигинин Ички аскерлер кызматынын аскер кызматчыларынын өзгөчө шарттарда кызмат өтөөсүн эске алуу менен ушул жылдын 1-сентябрынан тарта аскер кызматчылардын өтөгөн кызматынын 1 жылы эми 1,5 жыл деп эсептелери, ал эми Баткен облусунда кызмат өтөгөн аскер кызматчыларынын 1 жылы 2 жылга тете деп эсептелери белгиленген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн