Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 21:41
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

1-октябрдан жетим балдарга 3000 сом берилип, пенсия 50%га көтөрүлөт

02.09.2021 20:08
7091
1-октябрдан жетим балдарга 3000 сом берилип, пенсия 50%га көтөрүлөт

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Жарандардын айрым категорияларына ар айлык социалдык жөлөкпулдардын өлчөмдөрүн жогорулатуу жөнүндө» Жарлыкка кол койду.


Жарлыкка ылайык, ар айлык социалдык жөлөкпул алган балдарга жана бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга социалдык колдоону күчөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине тапшырылды:


1) 2021-жылдын 1-октябрынан тартып ар айлык социалдык жөлөкпулдардын өлчөмдөрүн 50 пайызга көбөйтсүн:


– ВИЧке же СПИДге чалдыккан энелерден төрөлгөн балдарга


4000 сомдон 6000 сомго чейин;


– ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарга


4000 сомдон 6000 сомго чейин;


– атасынан же энесинен айрылган балдарга 1000 сомдон


1500 сомго чейин;


– атасы менен энесинен айрылган балдарга 2000 сомдон


3000 сомго чейин;


– бала кезинен I топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга 4000 сомдон 6000 сомго чейин;


– бала кезинен II топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга 3300 сомдон 4950 сомго чейин;


– бала кезинен III топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга 2700 сомдон 4050 сомго чейин;


– атасы менен энеси белгисиз балдарга 2000 сомдон 3000 сомго чейин;


2) 2021-жылдын 1-октябрына чейин эсептелген ар айлык социалдык жөлөкпулдардын өлчөмдөрүнө карата ар айлык социалдык жөлөкпулдардын өлчөмдөрүн 2022-жылдын 1-январынан тартып


100 пайызга көбөйтсүн:


– ВИЧке же СПИДге чалдыккан энелерден төрөлгөн балдарга


4000 сомдон 8000 сомго чейин;


– ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарга


4000 сомдон 8000 сомго чейин;


– атасынан же энесинен айрылган балдарга 1000 сомдон


2000 сомго чейин;


– бала кезинен I топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга 4000 сомдон 8000 сомго чейин;


– бала кезинен II топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга 3300 сомдон 6600 сомго чейин;


– бала кезинен III топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга 2700 сомдон 5400 сомго чейин;


3) 2021-жылдын 1-октябрына чейин эсептелген ар айлык социалдык жөлөкпулдардын өлчөмдөрүнө карата ар айлык социалдык жөлөкпулдардын өлчөмдөрүн 2022-жылдын 1-январынан тартып


200 пайызга көбөйтсүн:


– атасынан же энесинен айрылган балдарга 2000 сомдон


6000 сомго чейин;


– атасы менен энеси белгисиз балдарга 2000 сомдон 6000 сомго чейин;


4) багуучусунан айрылгандыгына байланыштуу балдардын пенсиясынын базалык бөлүгүнүн өлчөмүн атасынан же энесинен (атасы менен энесинен) айрылган учурда, эгерде аларда пенсиялык камсыздоого укугу болбосо, балдар үчүн ар айлык социалдык жөлөкпулдун өлчөмүнө теңештирүү боюнча тиешелүү чараларды көрсүн;


Алдын ала эсептер боюнча ар айлык социалдык жөлөкпулдардын өлчөмүн көбөйтүүгө республикалык бюджеттен кошумча каражат талап кылынат:


ар айлык социалдык жөлөкпулдардын өлчөмүн 2021-жылдын 1-октябрынан тартып 50 пайызга көбөйткөн учурда, кошумча 452,8 млн сом талап кылынат;


ар айлык социалдык жөлөкпулдардын өлчөмүн 2022-жылдын 1-январынан тартып 100 пайызга көбөйткөн учурда, кошумча муктаждык 3 590,9 млн сомду түзөт.


Мындан сырткары, багуучусунан айрылган учурда балдардын ар айлык жөлөкпулу көбөйгөнүн эске алып, Кыргыз Республикасынын социалдык фонду тарабынан багуучусунан айрылган учур боюнча пенсияларды теңдөө зарыл.


Буга байланыштуу, республикалык бюджеттен кошумча акча каражаттары талап кылынат: 2021-жылдын 1-октябрынан 138,0 млн сом өлчөмүндө жана 2022-жылдын 1-январынан – 970,0 млн сом.


Чыгашалардын каржылоо булагы республикалык бюджеттин каражаттары болот.

Пикирлер (9)

Коопсуздук коду
Эльнура
Менин жолдошум аскер кызматкери болуп иштеп журуп,2019-ж.жумуш учурунда Каза тапкан. Жашы жете элек алты балам калды,балдарыма пенсия болуп беришкен,менин суроом балдарым да ушул кошумчага киреби жана кайсы Жака кайрылсам болот.Алдын ала рахмат.
Кеша
Афган согушунун катышуучуларына кошсо жакшы болмок
Алия
Жалгыз бой энелерге жардам жокбу
Мотобар
Баары жакшы болуп жатат Азаматсыз Садыр сизди кара пайым эл колдойт 🤲🤲🤲🤲дуа кылабыз эки дуйно бактылуу болунуз🙏
Батма
ЧАЭС тин балдарына канча сом каралат? Атасы козу отуп кеткенге кандай пенсия берилет балдарына?