Баш оона 28, 2025
Убакыт: 10:12
USD
87.10
87.60
EUR
101.00
102.00
RUB
1.075
1.105

10-мартта Бишкектин айрым райондорунда суу өчүрүлөт

07.03.2022 10:56
629
10-мартта Бишкектин айрым райондорунда суу өчүрүлөт

10-мартта Бишкектин айрым конуштарында суу болбойт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, 10-мартта саат 9:00дөн 20:00гө чейин Энесай, Дордой-1, Дордой-2 конуштарында таза суу токтотулат. Турак жайларда, мектептерде, мектепке чейинки балдар мекемелеринде, саламаттыкты сактоо мекемелеринде жана башка социалдык-тиричилик объектилеринде жана өнөр жайда суу болбойт.


Бул "Энесай" суу алгычында жана шаардагы таза суу түтүктөрүндөгү оңдоо-профилактикалык иштерге байланыштуу аргасыз чара экенин мэриядан билдиришти.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн