Жетинин айы 24, 2024
Убакыт: 04:54
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

10-октябрдан бери дайынсыз болуп жаткан кишинин денеси каналдан табылды

27.10.2021 09:34
522
10-октябрдан бери дайынсыз болуп жаткан кишинин денеси каналдан табылды

Бишкекте мурда дайынсыз болуп, изделип жаткан жарандын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, 26-октябрь күнү саат 21:50 чамасында ӨКМге Биринчи май районунун Н.Исанов көчөсүндө Чоң Чүй каналынын боюнда белгисиз адамдын жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.


Жерине Бишкек шаардык куткаруу кызматынын 4 куткаруучу тартылып, суудан 10-октябрь күнү Ч.Валиханов көчөсүндөгү каналга түшүп кеткен 1986-жылды туулган С.Т. аттуу эркек кишинин жансыз денесин чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти.


Жогору аталган жарандын жансыз денесинин өздүгү туугандары тарабынан тастыкталды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн