Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети 10-январда башкаруу формасы боюнча референдум өткөрүүнү колдоду. Бул тууралуу Дастан Бекешев билдирди.
Эми бул сунуш Жогорку Кеңештин палатасында каралат.
Белгилей кетсек, 2021-жылдын 10-январында башкаруу формасы боюнча референдум өткөрүү сунушталган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн