Кыргызстанда 10-январда өтө турган президенттик шайлоонун болжолдуу жыйынтыгы ошол эле күнү кечки саат 21:00дө белгилүү болуп калат. Бул тууралуу “Баракелде” сайты Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төраймы Нуржан Шайлдабекованын айтканына таянуу менен жазып чыкты.
Анда белгилүү болгондой, саат 20:00-22:00 чамасында БШКга добуш берүүнүн жыйынтыгынын 85 пайызы келип түшүшү керек. Ошондой эле референдумдун жыйынтыгы да ушул эле убакытта болжолдуу белгилүү болору айтылган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн