Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 17:50
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

10 жылдан бери “Хизб ут-Тахрир” уюмунун мүчөсү болуп жүргөн жаран уюмдан баш тартты

11.06.2022 14:14
600
10 жылдан бери “Хизб ут-Тахрир” уюмунун мүчөсү болуп жүргөн жаран уюмдан баш тартты

Талас шаарынын тургуну диний-экстремисттик көз караштан баш тартты, - деп билдирет КР УКМКнын басма сөз кызматы.


Маалыматка ылайык, КР УКМК диний-экстремистик жана эл аралык террордук уюмдардын ишмердүүлүгүн алдын алууга жана токтотууга багытталган иш-аракеттердин алкагында, Кыргызстандын аймагында тыюу салынган ДЭУнун мүчөлөрүн жана тарапкерлерин ынандыруу боюнча түшүндүрүү-профилактикалык иш-чаралары жүргүзүлдү.


Көрүлгөн профилактикалык иш-чаралардын натыйжасында Талас шаарынын тургуну С.Ч.Т., тандап алган диний багытынын туура эмес экенин түшүнүү менен, зыяндуу экстремисттик идеялардан баш тартып, жарандарды “Хизб ут-Тахрир” ДЭУнун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз чакырыктарына алданбоого чакырды.


Белгилей кетсек, С.Ч.Т., 2012-жылы белгисиз эмиссарлар тарабынан “Хизб ут-Тахрир” ДЭУнун катарына алынып, үгүттөө жана тыюу салынган адабияттарды таратуу менен алектенген.


КР УКМК мыйзамсыз экстремисттик жана террористтик аракеттердин алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча иштерди улантууда.


 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн