Теке 05, 2024
Убакыт: 05:23
USD
85.80
86.70
EUR
92.40
93.40
RUB
0.955
1.000

107 үй, 8 дүкөн. Баткенде чек арадагы жаңжалдан жараксыз абалга келген имараттардын тизмеси

03.05.2021 15:31
977
107 үй, 8 дүкөн. Баткенде чек арадагы жаңжалдан жараксыз абалга келген имараттардын тизмеси

Баткендеги жаңжалдан жабыркаган үйлөрдүн саны 107ге жетти. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин жетекчилиги астында түзүлгөн атайын комиссия тарабынан Баткен жана Лейлек райондорундагы чек ара чатагынан жабыркаган турак үйлөрдүн саны жана келтирилген зыяндын көлөмү такталууда. Түзүлгөн атайын комиссия тактоо иштерин жүргүзүп жатат.

Алдын ала маалыматка ылайык, Баткен облусу боюнча 107 турак үй, 2 мектеп, 1 ФАП, 1 бала бакча, 10 май куюучу жай (АЗС), 8 дүкөн, 4 соода түйүнү, 4 социалдык объекттер, 5 башка мамлекеттик имарат жабыркаган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн