Санитардык эрежелердин сакталуусу боюнча 11 016 объект текшерилип 1 миллион 855 миң сомдук айып салынды. Бул
тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот
Үсөнбаев 6-июндагы брифингде билдирди.
“30-апрелден 4-июнга экономикалык ишмердүүлүгүн жанданткан 11 016 объект тийиштүү органдар тарабынан текшерилип, санитардык-эпидемиологиялык талаптарды жана эрежелерди сактабаган 1 250 мекемеге 1 миллион 855 миң сомдук айып салынды. Ошондой эле 5546 жазма буйрук жана 397 эскертүү берилип, 1271 протокол түзүлгөн”, - деди Үсөнбаев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн