Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 13:12
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

11-апрелдеги шайлоонун изи менен

14.04.2021 10:31
1057
11-апрелдеги шайлоонун изи менен

11-апрелде өткөн жергиликтүү кеңештерди шайлоого жана референдумга өлкө боюнча добуш берүүчүлөрдүн келип катышуусу биз күткөндөй эле төмөн болду. Кыргызстандыктар кезектеги ар кандай деңгээлдеги шайлоолордон чарчады, биринин артынан бири келген добуш берүүлөрдөн, саясаттан жана саясатчылардан тажады. Бул тууралуу акыркы социалдык изилдөөлөрдө айтылып жатат. Анда көрсөтүлгөндөй, жарандардын көбү тамак-ашка, азык-түлүктөргө болгон баалардын жогорулоосу жана коронавирустун үчүнчү толкуну күтүлүп жатканы менен алек болууда. Конституциялык түзүлүш же болбосо ким депутат болот, ким муниципалдык органдардын башчылары болот деген маселеге караганда, социалдык көйгөйлөр кооптондурууда. Бирок шайлоолор жана референдум өттү деп эсептешет.

Жалпы элдик добуш берүүнүн мааракеси

Региондо референдумдардын саны боюнча Кыргызстан алдыда турат. Мисалы, Казакстанда бул жылдар аралыгында эки референдум өткөн. Ал эми Өзбекстанда – бир. Коңшулаш өлкөлөрдөн айырмаланып, кыргыз бийлиги мамлекеттик маанидеги маселелерге, айрыкча Баш мыйзамды өзгөртүүгө добуш берүү боюнча жарандарды үзгүлтүксүз үндөп келишет.  

Акыркы 11-апрелдеги шайлоо 10-жолу өтүп, мааракелүү шайлоо болду.

Референдум өткөрүүнүн саны боюнча алдыда Аскар Акаев турат. Ал президент болуп турган убакта Кыргызстанда беш жолу жалпы элдик добуш берүү өткөн.  

Улам жаңы бийлик келген сайын дүйнөнүн картинасына ылайык, Конституцияны алмаштырып келишкен, Сооронбай Жээнбековду кошпогондо. Бирок ал Баш мыйзамга карата “өзүнүн сөзүн” калтырып кетүүгө жетишпей калды.

Кыргызстандагы бардык референдумдар кээ бир жагдайларга байланыштуу саясатчылардын ар кандай нааразычылыктары жана жарандык коомчулуктун сынына кабылуулар менен коштолот. Ошондой эле жыйынтыгы бийликке жаккандай болуп аяктайт.

Кыргызстандын Конституциясы акыркы жолку 81 түзөтүүлөрдү киргизүү менен кабыл алынды. Муну менен өлкө президенттик башкаруу формасына кайтып келди. Кезектеги конституциялык реформа жөнөкөй кыргыз жарандарынын жашоосуна арналган болсо, эми президент катары өзүнүн программасын айтса болмок деп болжолдошууда. Анткени, бул мамлекет башчысынын элге жана парламент алдында билдирүүсү болуп калышы керек. Ошондо Садыр Жапаровдун Конституцияны эмне үчүн өзгөртүүнү демилгелегени түшүнүктүү болот, өлкөнү кайра жөнгө салуу боюнча өзүнүн планы барбы жана ал кандай натыйжада берет, дегендей.   

Шаардык кеңештерге шайлоо. Чатактар жана сюрприздер

28 шаардык кеңештерге өзүнүн талапкерлигин көрсөткөн 236 саясий партиялардын ичинен 146сы 7 пайыздык тосмодон өтүштү.

Албетте, мыйзам бузуулар болгон жок деп айтууга болбойт, добуш сатып алуу, шайлоочуларга басым кылуу фактылары катталды. Бардык арыз-даттануулар каралат жана добуш берүүнүн жыйынтыгына таасир бериши мүмкүн, бирок кардиналдуу өзгөртүүгө мүмкүн эмес.

Бул шайлоонун башкалардан айырмалуу бир катар өзгөчөлүктөрү бар

Биринчиден, жергиликтүү деңгээлдеги шайлоо кампаниялардын тарыхында биринчи жолу көпчүлүк шаарларда жергиликтүү партиялар алдыңкы орундарды ала алышты. Мисалы, Караколдо биринчи жана экинчи орунду «Бирге-вместе» жана «Табылга» камсыз кылышты. Нарында «Бийлик Элге», Таласта – «Асыл Мурас-Жаштар» жана «Аманат» партиялары алдыга чыкты. Кара – Көлдө «Энергетиктердин» партиясы жеңишке жетти. Чолпон-Атада болсо «Уулу Кыргызстан» , ал эми Баткенде – «Ала-Тоо — Кыргыз Жери» партиясы алдыңкы тизмеде келатат.

Бийликтин партиясы делген «Ата-Журт Кыргызстан» кээ бир шаарларда таптакыр өтпөй калды. Бул дагы болсо азыркы учурдун жаңы көрүнүшү. 2016-жылы өткөн жергиликтүү кеңештерге шайлоодо ошол кездеги КСДП партиясы бардык кеңештерде жеңишке жетишип, бардык жерде талапкерлери мандат алышкан. «Ата-Журт Кыргызстан» партиясы 21 кеңешке ат салышкан. Бирок 15 кеңешке өтүшүптүр.

Бул чындыгында шайлоо процесстерине кийлигишүүдөн бийлик максималдуу түрдө аралыкты кармады, дегенди айтып турат. Кайсы партия канча добуш алышы керек деген Акүйдүн шарттарына жол берилген жоктугун көрсөтүп турат.

Бирок албетте, чыр-чатаксыз болбойт да. Оштогу шайлоо чыңалуу менен өттү.

Ош шаарынын мурдагы мэри жана «Улуттар Биримдиги» партиясынын негиздөөчүсү Мелис Мырзакматов добуш берүү күнү президент Садыр Жапаровго кайрылуу жасап, тезинен мыйзамдуулукту орнотуу жана шайлоо процесстери укуктук негизде өтүшү үчүн чаралар көрүлүшүн суранды. Мырзакматов 11-апрелдеги шайлоону 2020-жылдын 4-октябрында өткөндөй “бандиттик шайлоого” салыштырды. Анын айтымына караганда, Ошто жергиликтүү бийлик шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна тоскоолдук кылмак турсун, “мыйзамсыздыктын демилгечиси болуп жатат”.

Алдын ала жыйынтыктар боюнча, Ош шаардык кеңешине төрт партия: «Ата-Журт Кыргызстан», 48 пайыз добушу менен “Улуттар биримдиги” 17,99 пайыз, «Ыйман нуру» 8,11 пайыз жана «Ынтымак» 7,36 пайыз менен алдыга чыгышты.

Бир катар ЖМКлар маалымдашкандай, “Улуттар биримдиги” жана ошондой эле шайлоодо өтпөй калган башка бир катар партиялар шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу боюнча кол топтоого камынып жатышат.

Бишкек шаардык кеңешин шайлоо дагы чыр-чатак менен коштолду.

Бул кеңешке алдын ала жыйынтык боюнча, 6 партия өткөнү жатат: «Эмгек», «Ак-Бата», НДПК, «Ата-Журт Кыргызстан», «Ынтымак» жана «Биздин эл». Шайлоодо миңден аз добуш алып, өтпөй калган башка бардык партиялар шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын билдирип, ал тургай Борбордук шайлоо комиссиясынын алдында эки жолу митинг өткөрүштү. Алар «Эмгек» менен «Ак-Бата» партияларынын шайлоо учурунда көптөгөн мыйзам бузууларга жол беришкенин айтып, каттоосун жоюуну талап кылышты.

Жаңы өлкөлүк партиялар

Матраимовдордун “ондогон” партияларынын биринчи катарындагы, азыркы тапта Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев башында турган «Ынтымак» партиясы 17 шаардык кеңешке келүүнү ниет кылышкан. Алты шаардык кеңештен мандат ала алышпайт. Ал эми Бишкек, Ош, Жала-Абад, Каракол, Нарын жана Талас шаарларын кошкондо 11 аймактан жети пайыздык тосмодон өтө алышты.

Эксперттердин болжолдоосу боюнча, Бишкек шаардык кеңешине “Ыйман Нуру” өтпөйт. Бирок 10 шаардык кеңеште бул партиянын өкүлдөрү депутат боло алышат: Ош, Жалал-Абад, Нарын, Талас жана Караколду кошкондо.

Быйылкы жылы Салымбековдордун «Эмгек» партиясы активдешти. Бул шайлоо кампаниясы алар үчүн ийгиликтүү болду. “Эмгекчилер” Бишкекте биринчи орунда келишти, мындан тышкары жети шаарда алдыңкы орундарды камсыздай алды.

НДПК партиясы болсо борбордук кеңешке өткөн “үчилтиктин” катарына киришти жана үч шаарда Өзгөндө, Исфанада жана Кызыл-Кыяда өзүнүн салмактуу добушу менен биринчи орунду ала алышты.

Айрым эксперттер бул жолку шайлоо “Бүтүн Кыргызстан”, “Республика” партиялары үчүн соңуна чыгуунун башталышы деп эсептешүүдө. Адахан Мадумаровдун партиясы бул шайлоодо өзүнүн позициясын жоготуп алгандай.  

Ал эми «Республика» партиясы тууралуу айта турган болсок, Бабановдун партиясы 10 шаардык кеңештин катарына кошула алыша турган болду. Бирок баары белгилүү болуп тургандай, мурункудай “Республика” эмес. Борбордук кеңештен ала турган ордун жоготуп алышы – партия үчүн оор сокку. Бул аренага жаңы жүздөр келиши керектигин айтып турат жана Бабанов өзүнүн электораты арасында керек болсо күздөгү шайлоодогудай өзүнүн популярдуулугун сактай албай калгандыгынан кабар берүүдө.   

Автор Алмаз Баратов, Elgezit.kg сайтынан кыргызчаланды.

Теги

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Мир
Мырзакматов туура айтты .Ыплас шайлоо отту.Сиз бийликке ыктаган кишисиз .