Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 09:34
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

11 килограмм “кара куурай экстракты” баңгизат менен жаран кармалды

29.09.2022 11:26
616
11 килограмм “кара куурай экстракты” баңгизат менен жаран кармалды

11 килограмм “кара куурай экстракты” баңгизат менен жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.



Кыргыз Республикасынын ИИМдин БМЖКККнын Талас облусу боюнча башкармалыгына "К" аттуу белгисиз жаран Чүй жана Талас облустарынын аймагында баңгизаттарды мыйзамсыз сактоого жана сатууга тиешеси бар экендиги тууралуу ыкчам маалымат келип түшкөн.


Бул маалымат боюнча Талас ИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 1-беренесинин 282-бөлүгүндө каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.


Тергөө-ыкчам иш-чараларды өткөрүүдө БМЖКККнын Талас облусу боюнча ыкчам кызматкерлери тарабынан 1972-жылы туулган, Бишкек шаарынын Ленин районунун аймагында убактылуу жашаган С.К. аттуу жаран аныкталган.


Аталган кылмыш ишинин, ошондой эле эл аралык "КАНАЛ-НЕМАН" баңгизаттарга каршы операциясынын алкагында Бишкек шаарынын Орозов көчөсүндөгү үйгө тинтүү жүргүзүү учурунда, анын аймагында жайгашкан гараждан үч литрлик желим бөтөлкө жана ичинде май суюктугу бар 10 литрлик бир чоң канистр табылган.

Экспертизанын алдын ала корутундусуна ылайык, бул суюктук “кара куурайдын экстракты” болуп, жалпы салмагы 11 кг 410 граммды түзгөн..


Бул иш боюнча 1972-ж.т., Чүй облусунун тургуну С.К. кармалган.

Азыркы учурда бул баңгилик кылмышка тиешеси бар башка жактарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө. 



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн