112 кызматына өткөн сутка ичинде жалпы 7 054 чалуу катталып, анын ичинен
351 коронавирус боюнча чалуу түшкөн. Бул тууралуу Республикалык штабдан
кабарлашты.
Кечээ, 9-июль күнү өлкө боюнча 198 миң 100
погондук метр унаа жолдор, 269 миң 66 чарчы метр имараттар дезинфекцияланды.
Штабдын маалыматы боюнча, жалпы ӨКМ тарабынан 2 миң 929 адамга ысык тамак-аш берилген. Дезинфекциялоо жумуштарын аткаруу, госпитилизация катары уюштурулган жайларда жайгашкан жарандарга ыңгайлуу шарт түзүүгө (тамак-аш жеткирүү, гигиеналык каражаттар менен камсыздоо), күндүзгү стационарга орундуктарды койдурууга ӨКМ тарабынан 451 кызматкер жана 35 унаа тартылган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн