Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 23:25
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

1207 кишиге кыргыз жарандыгы берилди

20.10.2021 08:46
543
1207 кишиге кыргыз жарандыгы берилди

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жана Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө Жарлыктага кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.


Анын ичинде Кыргыз Республикасынын президентинин үч Жарлыгы 1207 кишиге (820 - чоңдор жана 387 бала) Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө. Өлкөнүн жаңы жарандарынын көпчүлүгү тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар.


Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын президентинин дагы бир Жарлыгы – 53 кишиге Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө (45 – чоңдор жана 8 бала).


Жалпы арыздар - 1260 адам (865 - чоңдор жана 395 - балдар).

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн