Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 22:43
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

13-14-июнда Бишкекте кыргыз-герман бизнес форуму өтөт

03.06.2022 07:45
732
13-14-июнда Бишкекте кыргыз-герман бизнес форуму өтөт

2022-жылдын 2-июнунда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Германия Федеративдүү Республикасынын Экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү федералдык министрлигинин статс-катчысы Нильс Аннен менен онлайн-форматында жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы кабарлады.


Тышкы иштер министрлигинин башчысы Германия менен кызматташууну өнүктүрүү Кыргыз Республикасынын европалык багыттагы тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири экендигин белгилеп, тараптардын өнүктүрүү жаатындагы жемиштүү кызматташтыгын баса белгиледи. Министр Германия менен ишке ашырылып жаткан долбоорлор Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө чоң салым кошуп жатканын баса белгиледи.


Нильс Аннен белгилегендей, германиялык тарап узак мөөнөттүү кызматташууга умтулуп, Кыргызстандын демократиялык өнүгүүсүнө колдоо көрсөтүүгө ниеттенүүдө. Герман тарап климатты коргоо жана энергетика тармагында кызматташуунун келечегин белгиледи.


Ошондой эле, сүйлөшүүлөргө Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев катышып, тараптар 2022-жылдын 24-майында 14,9 млн евро өлчөмүндөгү, Кыргызстандын айыл жерлеринде турак-жай курулушун каржылоо үчүн колдонуу максатында карызды конверсиялоо боюнча келишимге кол коюлгандыгын канааттануу менен белгиледи. Келишимге кол коюу жемиштүү биргелешкен иштин жаркын мисалы экендиги баса белгиленди.


Тараптар 2022-жылдын 13-14-июнунда Бишкек шаарында өтө турган Кыргыз-Герман бизнес-форумунун жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылюек Жапаров тең төрагалык кылган Кыргыз-Герман Ишкерлер кеңешинин биринчи жыйынынын маанилүүлүгүн белгилешти.


Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө экономикалык кызматташтыктын алкагында алдыдагы биргелешкен иштердин негизги багыттары талкууланды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн