Жетинин айы 04, 2025
Убакыт: 21:38
USD
87.30
87.80
EUR
100.20
101.20
RUB
1.075
1.105

№136 маршруттук каттамдын кыймылы элдин суранычы менен өзгөртүлдү

29.04.2022 15:03
596
№136 маршруттук каттамдын кыймылы элдин суранычы менен өзгөртүлдү

№136 маршруттук каттамдын кыймылы жарым-жартылай өзгөртүлдү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.


Эми «Трансгрупп-Коммуникэйшн» ЖЧКсы тейлеген каттам Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси (РУПОИ) жайгашкан Шабдан көчөсүнөн түштүк тарапка каттайт.


Мындай чечим Арча-Бешик конушунун тургундарынын көптөгөн кайрылууларына, ошондой эле Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин жетекчилигинин жазуу жүзүндөгү кайрылуусуна байланыштуу кабыл алынды.


Бишкек ШИИББи боюнча МККБ тарабынан бекитилгенден кийин бул маршруттук каттам бекитилген жол кыймылынын схемасы боюнча «Ак-Ордо жаңы конушу – Көк-Жар конушу” Шабдан Баатыр көчөсүнө кирүү менен каттайт.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн