Тогуздун айы 22, 2024
Убакыт: 12:29
USD
85.35
85.85
EUR
92.00
93.00
RUB
0.878
0.910

14-18-октябрь күндөрү Боом капчыгайында кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт

14.10.2024 11:15
71
14-18-октябрь күндөрү Боом капчыгайында кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт


Үстүбүздөгү жылдын 14-18-октябрь күндөрү Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун Боом капчыгайынын 128-чакырымында кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыгынын башкы инспекциясынын кызматкерлери тарабынан жол жарым-жартылай тосулгандан кийин, күндүзгү саат 09:00дөн 15:00гө чейин жүргүзүлөт.

Иш-чара сел жана таш кулоо түрүндөгү кооптуу факторлордун алдын алуу максатында жүргүзүлүп, жолду тазалоо учурунда унаалар бир тилкеге багытталат, 30-40тан ашык унаа топтолсо, таш түшүрүү иштери токтоп, унаалардын өтүшүнө жол ачылат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн