14-июлга карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 421 учуру катталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин Коомдук саламаттык башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
Жаңы учурлар:
Бишкек шаарында – 176;
Чүй облусу - 87;
Ош шаарында - 58;
Ош облусу - 6;
Нарын облусу - 1;
Жалал-Абад облусу - 40;
Ысык-Көл облусу - 31;
Талас Облусунда - 1;
Баткен облусу - 21.
Муну менен республика боюнча жалпы 11 538 учур катталды.
Ошол эле учурда бир сутка ичинде ооруканадан 109 бейтап чыгарылган. Мындан сырткары үйдө изоляцияда дарыланып жаткан жарандардын арасынан – 1426 киши айыкты. Кыргызстан боюнча бүгүнкү күнгө чейин илдеттен айыккандардын саны жалпы 4995 адамга жетти.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн