Россиянын Ульяновск облусунда 16 адамдын, анын ичинде 14 кыргызстандыктын өмүрүн алган жол кырсыгынын күнөөкөрү жүк ташуучу унаанын айдоочусу болгон. Бул тууралуу Ульяновск облусунун губернатору Алексей Русскихке шилтеме менен россиялык ЖМКлар жазып чыкты.
Белгиленгендей, Ульяновск облусундагы ири жол кырсыгына себепкер болгон жүк ташуучу унаанын айдоочусунун жүрөк оорусу кармап калган.
Губернатордун айтымында, фуранын айдоочусу жол кырсыгы болгонго чейин каза болгон.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн