Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 05:31
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

14 күндүк обочолонуудан кийин бүгүн Текебаевдин соту уланат

10.08.2020 08:47
1830
14 күндүк обочолонуудан кийин бүгүн Текебаевдин соту уланат


Бүгүн, 10-августта Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин жана мурдагы министр Дүйшөнкул Чотоновдун соту уланат.

Адвокат Таалайгүл Токтакунова «Азаттыкка» билдиргендей, соттук отурумга Өмүрбек Текебаев катышат.

10-августта Текебаевдин оорудан кийинки 14 күндүк обочолонуусу аяктайт. Ошого байланыштуу ал сотко катыша алат, - дейт ал.

5-августка белгиленген сот отуруму Текебаевдин оорусуна байланыштуу маалымат берүүгө чакыртылган дарыгер келбегендиктен болгон эмес. Прокурорлор соттон жараянга Текебаевди дарылаган дарыгерди чакырууну өтүнүшкөн эле. 3-августтагы отурумда Текебаевди караган дарыгер «кызыл зонада» иштеп жатканы, сотко келе албай тургандыгы айтылган. Башкы прокуратуранын өкүлү анда Текебаевдин өзүн мажбурлап алып келүүнү соттон суранган.

“Ата Мекен” партиясынын лидери пневмониядан дарыланып эки жума ооруканага жатып чыкканын, дагы эки жума үй режиминде дарыланып, андан кийин обсервацияда болушу керек экенин 29-июлда билдирген. Токтакунова 14 күндүк мөөнөт 10-августта аяктай турганын, ага чейин Текебаевди сот залына алып келүү жараяндын башка катышуучуларынын ден соолугуна кооптуу экенин айтып, прокуратуранын жүйөсүнө каршы чыккан.

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн