Свердлов райондук милициясы алдамчылыкка шектүү жаранды кармады. Бул тууралуу райондук милициядан билдирди.
Маалыматка караганда, 2020-жылдын 5-ноябрында жабырлануучу милицияга 1400 долларга алданып калганын айтып кайрылган. Алдамчылыкка шектүү жаран ага Россияга алма экспорт кылуу үчүн ящик алып келип берем деп акчасын алган. Шектүү ошол бойдон изин сууткан.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн