Бугу 17, 2024
Убакыт: 09:45
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

14 жаштагы кыздын өлүмүнө шектелгендердин өлүмү боюнча териштирүү башталды

06.12.2022 16:42
359
14 жаштагы кыздын өлүмүнө шектелгендердин өлүмү боюнча териштирүү башталды

Жазаларды аткаруу кызматынын төрагасынын орун басары Кемел Садыков Ош шаарындагы тергөө абагында өз жанын кыйган шектүүлөр боюнча маалымат берди.


Анын айтымында, шектүүлөрдүн өлүмүнө байланыштуу иликтөө иштери жүрүп жатат.


"Азыркы учурда тергөө абагында каза болгон шектүүлөрдүн өлүмүнө байланыштуу териштирүү иштери башталды. Тергөө соңунда кошумча маалымат берилет",- деди Садыков.


Эскерте кетсек, 4-декабрга караган түндө Ош шаарынын тергөө абагында Кадамжай районунда 14 жаштагы кызды зордуктап, мыкаачылык менен өлтүрүүгө шектелген эки жаран асынып каза болгон.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн