Кулжа 22, 2024
Убакыт: 02:03
USD
86.70
87.60
EUR
92.60
93.60
RUB
0.940
1.020

15-16-майда Бишкек менен Чүйдө айрым көчөлөргө унаа кыймылына маал-маалы менен чектөө киргизилет

14.05.2024 09:00
122
15-16-майда Бишкек менен Чүйдө айрым көчөлөргө унаа кыймылына маал-маалы менен чектөө киргизилет


15-16-май күндөрү Бишкек шаары менен Чүй облусунун айрым көчөлөрүндө унаа кыймылына маал-маалы менен чектөө киргизилип турарын Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.


Маалыматта мындай чара Малайзиянын премьер-министринин Кыргызстанга болгон сапарына байланыштуу көрүлүп жатканы айтылат.


Жабыла турган жолдор:

• Фучик көчөсү — “Манас” аэропортунан Жибек Жолуна чейин; 

• Жибек Жолу проспекти — Фучиктен Манас проспектине чейин; 

• Манас проспекти — Жибек Жолунан “Ала-Арча” мамрезиденциясына чейин;

• “Ала-Арча” мамрезиденциясынан “Ата-Бейит” мемориалдык комплексине чейин.


ЖКККББ мамлекеттик маанидеги иш-чара учурунда аталган көчөлөрдө автоунааларды калтырбоону, жол кыймылын жөнгө салган кызматкерлердин талабын аткарууну өтүндү.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн