15-июлга карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 439 учуру катталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин Коомдук саламаттык башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
Жаңы учурлар:
Бишкек шаарында – 172;
Чүй облусу - 70;
Ош шаарында - 53;
Ош облусу - 30;
Нарын облусу - 1;
Жалал-Абад облусу - 32;
Ысык-Көл облусу - 14;
Талас Облусунда - 1;
Баткен облусу - 66.
Муну менен республика боюнча жалпы 11 977 учур катталды.
Ошол эле учурда бир сутка ичинде ооруканадан 91 бейтап чыгарылган. Кыргызстан боюнча бүгүнкү күнгө чейин илдеттен айыккандардын саны жалпы 3360 адамга жетти.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн