15 жаштагы кызга жыныстык мүчөсүн көрсөткөн адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу kaktus.media редакциясы жазып чыкты.
Маалыматка ылыйык, бүгүн, 31-майда сот жараяны өтүп, ага жакындарынын эч кимиси киргизилбей — жыйын жабык өткөн.
Маалым болгондой, прокурордун өтүнүчү менен кылмышка шектүүнүн баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, ал Бишкек шаарындагы СИЗО-1ге камакка алынган.
Эске салсак, окуя 26-мартта Москва районундагы Петровка айылындагы дүкөндөрдүн биринде болгон. Жашы жете элек кыздын апасы бул окуя боюнча милицияга арыз менен кайрылган.
Москва райондук сотунун төрагасы судья Арстанбек Аскарбеков шектүүнү үй камагына чыгарган болчу.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн