Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 22:24
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

16-июндан тарта Ташкент — Ысык-Көл багыты боюнча каттамдар аткарыла баштайт

29.05.2024 16:49
176
16-июндан тарта Ташкент — Ысык-Көл багыты боюнча каттамдар аткарыла баштайт


16-июндан тарта Ташкент — Ысык-Көл багыты боюнча каттамдар аткарыла баштайт. Бул тууралуу "Манас" аэропортунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, каттамдар Өзбекстандын Silk Avia авиакомпаниясы тарабынан ATR 72-600 учагы менен аткарылат.

Ташкенттен Ысык-Көлгө учуу эки саатка созулат. Учуулар жумасына 3 жолу – дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү аткарылмакчы. Келечекте каттамдардын санын көбөйтүү пландалууда.

"Манас" аэропорту аталган багытка байланыштуу бардык суроолор боюнча авиакомпанияга түз кайрылууну сунуштайт.

Эскерте кетсек, 2023-жылдын 5-августунда Silk Avia авиакомпаниясы биринчи жолу 56 жүргүнчү менен техникалык каттам аткарып, учак салтанаттуу түрдө суу аркасы менен тосуп алынган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн