Бугу 03, 2024
Убакыт: 06:27
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

16-сентябрь: COVID-19 менен пневмониянын 73 учуру катталып, 107 бейтап айыкты

16.09.2020 11:25
1179
16-сентябрь: COVID-19 менен пневмониянын 73 учуру катталып, 107 бейтап айыкты


Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясы 73 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова 16-сентябрдагы брифингде билдирди. 


Жаңы учурлар: 


- Бишкек шаарында - 11

- Ош шаарында – 3

- Чүй облусунда – 5

- Ош облусунда - 14

- Талас облусунда - 3

- Нарын облусунда – 1

- Ысык-Көл облусунда – 9

- Жалал-Абад облусунда – 9

- Баткен облусунда - 18


Кыргызстанда коронавирус инфекциясына чалдыккан адамдардын жалпы саны 45072ни түздү. 


Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда 107 адамды түздү. Айыгып чыккан адамдардын жалпы саны 41 210. 



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн