Бугу 12, 2024
Убакыт: 20:17
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

16 жаштагы кызды зордуктоого айыпталгандарды бошоткон судья кызматтан кетти

08.07.2022 16:38
465
16 жаштагы кызды зордуктоого айыпталгандарды бошоткон судья кызматтан кетти


Өспүрүмдү зордуктоого айыпталып жаткан жарандарды сот залынан бошоткон Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясы ыйгарым укуктарын аткаруудан четтетилди. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирет.

“Свердлов райондук сотунун судьясы Жаналы Батырбеков 16 жаштагы өспүрүмдү зордуктоого айыпталып жаткан жарандарды зот залынан бошоткону тууралуу маалымат ЖМКларга чыккандан кийин ал КР жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбековдун көз жаздымында калган эмес”, - деп айтылат маалыматта.

Төрага иштин чоо-жайын тактап, судьянын аракеттеринен өспүрүмдүн укугу тебеленип жатканын көрүп, катуу реакция кылган.

"Ошентип, бүгүн, 8-июлда Свердлов райондук сотунун судьясы Ж.Батырбеков КР Судьялар кеңешине өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу арызын жазды. Судья мындай чечимге өзүнүн аракети анын кынтыксыздыгынан шектенүүгө негиз берип, соттун беделине таасирин тийгизгенинен улам келгенин жазган”, - деп билдиришти соттон.

Эскерте кетсек, бүгүн Бишкек шаардык Свердлов райондук сотунун судьясы Жаналы Батырбеков 16 жаштагы өспүрүмдү зордуктоого айыпталып жаткан эки айыпталуучунун баш коргоо чарасын эч жакка чыкпоо тил каты менен сот залынан бошоткон чечим чыгарган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн