Аяк оона 23, 2024
Убакыт: 13:24
USD
84.00
84.50
EUR
93.40
94.40
RUB
0.890
0.930

17-август: COVID-19 менен пневмониянын 135 учуру катталып, 261 бейтап айыкты

17.08.2020 11:20
976
17-август: COVID-19 менен пневмониянын 135 учуру катталып, 261 бейтап айыкты


Кыргызстанда бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясы 135 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.


Маалыматка ылайык, коронавирус инфекциясы 57 адамдан, пневмония 78 адамдан аныкталды.



Жаңы учурлар: 


Бишкек шаарында – 35;
Ош шаарында – 1;
Чүй облусу – 21;
Ош облусу – 13;
Талас облусу – 3;
Нарын облусу – 3;
Ысык-Көл облусу – 15;
Жалал-Абад облусу – 25;
Баткен облусу – 19.

Бардыгы болуп илдет башталгандан бери жалпы 41 991 учур катталды.


Бир сутка ичинде Кыргызстан боюнча коронавирустан жалпы 261 жаран айыгып чыкты. Муну менен өлкө боюнча коронавирус илдетинен жалпы 34 567 жаран айыгып, ооруканадан чыгарылган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн