Бүгүн, 17-майга карата бир сутка ичинде 21 бейтап ооруканадан айыгып чыкты, деп билдирди саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев онлайн брифингде.
Бишкек шаары – 11
Ош шаары – 2
Ош облусу – 2
Баткен облусу - 3
Нарын облусу - 3
Республика
боюнча жалпы 804 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.
Ал эми өлкө боюнча медициналык кызматкер арасында коронавирус жуктуруп алгандар 3 учур катталды. Стационарлардан 4 медкызматкер сакайып чыкты.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 251 учур катталды, алардын ичинен 204 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн